Борбор Азиянын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кантип кеңеет?

Экономика
Борбор Азиянын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кантип кеңеет?

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн БУУнун атайын программасы – СПЕКА алкагында аймактагы өлкөлөр экономиканы мындан ары да өнүктүрүү максатын көздөөдө. Мындан улам Борбор Азия өлкөлөрү Бишкекте өтүп жаткан экономикалык форумда бул багыттагы сунуштарын ортого салышууда. Быйыл СПЕКАга Кыргызстан төрагалык кылууда. Өлкө аймактагы байланыштарды чыңдоого кандай салым кошууда жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн алакасын кайсы багыттарда өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда? Бул тууралуу “Кабар” агенттиги азын-оолак айтып берет.

СПЕКАнын тарыхына учкай токтоло кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өнүгүшүн жана аймактагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган программа 1998-жылы Ташкент декларациясынын негизинде түзүлгөн, Ага Азербайжан, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажиистан, Түрмөнстан жана Өзбекстан мүчө.

Быйыл СПЕКАнын экономикалык форуму “СПЕКА аймагында туруктуу өнүгүү үчүн байланыштуулукту өнүктүрүү” аталышында уюштурулууда.

Форумда транспорт жана логистика, соода жеңилдетүү, электрондук коммерция жана санариптик байланыш, чакан жана орто бизнес, инновациялар жана аялдар ишкердиги, инфраструктураны каржылоо багыттары талкууланууда.

Кыргызстан төрагалык кылган жылында бул миссияны аймактын өлкөлөрү ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары карап жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев форумда белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстан кызматташуунун географиясын кеңейтип, өнөктөш мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын чыңдоодо.

Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды, СПЕКАга катышуучу өлкөлөрдү кошкондо 100дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрүн бириктирген VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлдү.

“СПЕКА өлкөлөрү үчүн өз ара байланыш маселелери өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстан бул багытта ырааттуу иш алып барууда жана бүгүн биз конкреттүү чаралар жана жыйынтыктар жөнүндө айта алабыз. Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылды. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу активдүү жүрүп жатат, бул жүктөрдү ташуу мөөнөттөрүн кыскартууга, регионубуздун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана СПЕКА өлкөлөрү менен тышкы базарлардын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого көмөктөшөт”, - деди минкаб жетекчиси.

Ошондой эле Кыргызстан СПЕКАнын фондуна 1 млн доллар өлчөмүндө салым кошту. Бул өлкөнүн программаны колдоого умтулуусун жана анын келечегине болгон ишенимин көрсөтөт. Фондго Азербайжан жана Өзбекстан да каражат бөлгөн.

Фонд БУУ жана аймактагы өлкөлөр тарабынан биргелешип башкарылат жана транспорт, соода, санариптик технологиялар жана энергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду колдойт.

БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана аймактык кызматташуунун үч артыкчылыктуу багытын атады: транспорттук жана соода байланыштарын чыңдоо, санариптик өз ара байланышты өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүнү камсыз кылуу.

Анын айтымында, аймактагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү деңизге чыга албайт. Ошондуктан бул багыттар чыгымдарды азайтуу, инвестицияларды тартуу жана экономикалык туруктуулукту чыңдоо үчүн маанилүү.

Транспорт тармагында ал натыйжалуу транспорттук коридорлордун, логистиканын жана чек ара жол-жоболорунун, ошондой эле эрежелерди шайкеш келтирүүнүн жана чек ара аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Санариптештирүү жаатында кечигүүлөрдү жана операциялык чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берген кагазсыз соодага, бажы системаларынын өз ара шайкештигине жана санариптик транспорттук кызматтарга өзгөчө көңүл бурулууда.

“Мында санариптик көндүмдөргө инвестиция салуу, чакан жана орто бизнестин рынокторго жана технологияларга жеткиликтүүлүгү, ошондой эле ишкер аялдар менен жаш инноваторлордун санариптик соодага катышуусу, анын ичинде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу маанилүү шарттар болуп саналат”, - деди ал.

ЭСКАТО БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы менен биргеликте программага катышкан өлкөлөрдү колдоого даяр экенин ырастоодо.

Кыргызстандын аймактык транспорттук өз ара байланыштарды чыңдоо жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттеринин учурда маанилүүлүгү белгиленүүдө. Эл аралык темир жол ташууларынын бирдиктүү эрежелерин киргизүү транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана аймактык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт. БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Татьяна Молчан кызматташуунун стратегиялык үлгүсү катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун айтты.

Жаңы темир жол Кытайды Кыргызстан аркылуу Өзбекстан жана андан ары башка өлкөлөр менен байланыштырат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жаңы каттам Чыгыш Азиядан Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Европа багыттарына жүк ташуу аралыкты кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Молчан Кыргызстан аймакта биринчи болуп Эл аралык темир жол жүктөрүн ташуу келишими жөнүндө жаңы конвенцияга кошулган өлкө болгонун айтты. Мындан улам СПЕКА БУУнун аймактык кызматташтыктын башка форматтарын толуктап турган уникалдуу платформа катары саналууда.

Борбор Азия өлкөлөрү географиялык жактан Европа менен Азиянын ортосунда жайгашкандыктан башка аймактар менен кызматташуу алар үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, экономикалык өсүштү тездетет, транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, инвестицияларды тартат, коопсуздукту чыңдайт жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берет. Бул тууралуу экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине билдирди

Анын пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрү менен С5+1 форматында АКШ менен, Европа, Кытай, жана башка өлкөлөр менен байланыштар товар жүгүртүүнү, логистика, энергетика, критикалык минералдарды жана санариптик экономиканы өнүктүрүп, деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк коридорлорун өнүктүрүү чыгымдарды азайтып регионду логистикалык хабга айландырат.

Муну менен катар, аймактык жана аймактар аралык диалог жалпы коркунучтарды биргелешип чечүүгө шарт түзөт, чек аралардан өткөн экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташуу зарыл болуп, мындай кызматташтык Борбор Азиянын дүйнөлүк экономикага интеграциясын күчөтүп улуттук кызыкчылыктарды коргоого жана региондун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

“СПЕКАнын алкагында кызматташтыкты арттыра турган транспорт, логистика, ишкердик, электрондук соода, жасалма интеллект жана башка багыттар региондун географиялык чектөөлөрүн артыкчылыкка айландырып туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана башка аймактар менен интеграцияны күчөтүүгө мүмкүндүк берет. СПЕКА Борбор Азиянын ички кызматташтыгын бекемдеп тышкы байланыштарды өнүктүрүү үчүн эффективдүү платформа болуп саналат”, - дейт экономист.