Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) экономикалык форуму башталды. Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
2026-жылдагы СПЕКА экономикалык форуму “СПЕКА аймагында туруктуу өнүгүү үчүн байланыштуулукту өнүктүрүү” аталышында ЭСКАТО жана БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулууда.
Быйыл СПЕКАга Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Форумда транспорт жана логистика, соода жеңилдетүү, электрондук коммерция жана санариптик байланыш, чакан жана орто бизнес, инновациялар жана аялдар ишкердиги, инфраструктураны каржылоо багыттарында талкуулар өтөт.
Иш-чаранын алкагында ЭСКАТО менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосунда меморандумга кол коюулары күтүлүүдө.