Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Татьяна Молчанды кабыл алды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуу 3-ноябрда өтүп, анда Кыргызстан менен БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап транспорттук инфраструктура, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү, энергетика жана туруктуу экономикалык өнүгүү багыттарындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) алкагындагы кызматташтыкка көңүл бурулду.
Белгиленгендей, 4-5-ноябрда Бишкекте өтө турган СПЕКАнын экономикалык форуму регионалдык кызматташтыкты чыңдоо жана катышуучу мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болот.
Жолугушуунун соңунда тараптар практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.