Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Бүгүн Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин алдында өткөн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.
ТИМден билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө министрлер уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулап, мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталуучу документтердин долбоорлорун карап чыгышты.
Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө ТМУнун институционалдык потенциалын чыңдоонун жана түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо ротация принцибин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргыз тарап уюмду мындан ары чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга тилектештигин ырастады.
Жыйындын жыйынтыгында министрлер Мамлекет башчыларынын кеңешинин кароосуна сунушталуучу чечимдердин долбоорлорун карап чыгып, жактырышты.