Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Күн мурун Брюссель шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров чет мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуулар аймактар аралык коопсуздук жана өз ара байланыштуулук маселелери боюнча министрлер жолугушуусунун алкагында орун алды.
Атап айтканда, Хорватия тышкы министри Гордан Грлич Радман, Кипр тышкы иштер министри Константинос Комбос, Нидерланд тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Рейн Деккерс, Бельгия Тышкы иштер федералдык мамлекеттик кызматынын геоэкономика жана экономикалык дипломатия боюнча башкы директорунун милдетин аткаруучу Филип Ванден Бульке, Словакия Тышкы жана европалык иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Марек Эшток, ошондой эле Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин саясий маселелер боюнча мамлекеттик катчысы Паси Раяла менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, саясий диалогду мындан ары чыңдоого, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине, анын ичинде Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышынын алкагындагы кызматташууга, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле санкциялык маселелер жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, министрдин орун басары Медер Абакиров чет өлкөлүк өнөктөштөрдү 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүлүшү пландаштырылган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар саясий диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.