Рустам Сакиев КУЭТтин башкы директору болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор
Рустам Сакиев КУЭТтин башкы директору болуп дайындалды

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКнын Директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору болуп Рустам Сакиев дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Бүгүн, 13-ноябрда энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов жаңы жетекчини компаниянын эмгек жамаатына тааныштырды. Жолугушууда күз-кыш мезгилинде электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыздоо, тармактарды модернизациялоо, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана санариптик технологияларды киргизүү милдеттери коюлду.

Белгилей кетсек, Рустам Сакиев 2011-жылдан бери энергетика тармагында эмгектенип келет. И. Раззаков атындагы КМТУнун ”Электр менен жабдуу” адистигин аяктаган.