"Борбор Азия – Кытай" форматынын алкагындагы кызматташтык талкууланды

Саясат
"Борбор Азия – Кытай" форматынын алкагындагы кызматташтык талкууланды
copyright icon ТИМ

Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров "Борбор Азия – Кытай" форматынын башкы катчысы Сунь Вэйдун менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал Кыргызстанга Курулуш маселелери боюнча министрлик жолугушууга катышуу үчүн келген.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар көп тармактуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, форматтын катчылыгынын ишин жана жогорку, эң жогорку деңгээлдерде өтө турган алдыдагы иш-чараларга даярдык көрүү графигин талкуулашты.

Ошондой эле форматты институционалдык жактан өнүктүрүү жана тармактык кызматташтыкты илгерилетүү маселелерине көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу үчүн мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин ырасташты.