Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Перс булуңундагы өлкөлөрдүн бизнес өкүлдөрү Борбор Азия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыгууда. Буга аймактын экономикасынын динамикалуу өнүгүшү, калктын кирешесинин өсүшү, керектөө жана инвестициялык суроо-талаптын жогорулашы өбөлгө болууда.
Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, 2020-2025-жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн Перс булуңундагы мамлекеттер менен өз ара соодасы дээрлик 4 эсеге өсүп, 1 млрд доллардан 3,9 млрд долларга жеткен. Бул мезгилде Перс булуңундагы өлкөлөрдүн аймактын тышкы соодасындагы үлүшү 0,7 пайыздан 1,7 пайызга көбөйгөн.
Аналитиктердин баамында, 2030-жылга чейин сооданын кошумча потенциалы 4,9 млрд долларга бааланууда. Бул азыркы товар жүгүртүүнүн көлөмүнөн 25 пайызга көп. Буга транспорттук каттамдардын өнүгүшү, логистикалык чыгымдардын азайышы жана сооданын либералдашуусу шарт түзөт. Анын ичинде 2026-жылдын октябрында күчүнө кирген Евразия экономикалык биримдиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашуу да маанилүү роль ойнойт.
Акыркы беш жылда Перс булуңундагы өлкөлөрдүн Борбор Азияга топтогон инвестициялары 3,4 эсеге көбөйүп, 9,1 млрд доллардан 31,1 млрд долларга жеткен.

Инвестициялар негизинен электр энергетика тармагына багытталууда. Аталган тармактын инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 2 пайыздан 34 пайызга чейин өсүп, топтолгон инвестициянын көлөмү 10,5 млрд долларды түзгөн. Мында күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча ири долбоорлор негизги түрткү болууда.
Перс булуңундагы инвесторлордун арасында Бириккен Араб Эмираттары 20,6 млрд долларлык инвестициясы менен (жалпы портфелдин 66 пайызы) алдыңкы орунда турат. Ошондой эле Сауд Арабиясынын инвестициялары 6,5 млрд долларга, Катардын инвестициялары 3,1 млрд долларга жеткен.
Соода-инвестициялык байланыштар Борбор Азиянын экономикалык өсүшү, Перс булуңундагы өлкөлөрдүн бизнесинин эл аралык рынокторго чыгуусу жана ислам дүйнөсүндөгү экономикалык кызматташтыктын бекемделиши менен мындан ары да кеңейери күтүлүүдө.
Ошол эле учурда өз ара соодада тең салмактуулук сакталган эмес. Товар жүгүртүүнүн болжол менен 70 пайызы Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Борбор Азияга жөнөтүлгөн товарларга туура келет. Алардын басымдуу бөлүгүн машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттары, электроника, фармацевтикалык жана химиялык продукциялар түзөт.

Жалпысынан Борбор Азия бул өлкөлөр үчүн импорттоочу аймак болуп саналат. Мында Бириккен Араб Эмираттарынан келген товарлардын бир бөлүгү реэкспорт аркылуу жөнөтүлөт. Бул БАЭнин ири эл аралык соода-логистикалык борбор катары ролун чагылдырат.
Ал эми Кыргызстан Перс булуңундагы өлкөлөр менен сооданын өсүү темпи боюнча алдыңкы көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөтүүдө. 2020-2025-жылдары эки тараптуу товар жүгүртүү болжол менен 9 эсеге көбөйүп, 20 млн доллардан 185 млн долларга жеткен.
Бул өсүшкө негизинен кыргыз экспортунун көбөйүшү түрткү болгон. Аналитиктердин маалыматына караганда, Перс булуңундагы өлкөлөргө азык-түлүк, буурчак өсүмдүктөрү, металлдар жана айрым өнөр жай товарларын экспорттоо кеңейүүдө. Ал эми импорттун басымдуу бөлүгүн унаа, парфюмердик-косметикалык жана текстиль продукциялары түзөт.