Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Молдогазиев Д.Нацагдорж атындагы Монголиянын Мамлекеттик академиялык драма театрынын директору Н.Наранбаатар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда эл аралык театр кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле театрдын түптөлүү тарыхы жана ишмердүүлүгү, чыгармачылык жетишкендиктери, учурдагы репертуары жана ишке ашырылып жаткан маданий долбоорлору тууралуу маалымат берилди.
Театрдын директору Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен чыгармачылык байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө, биргелешкен театрлаштырылган спектаклдерди коюуга, эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттарынын ортосунда тажрыйба жана чыгармачылык алмашууну уюштурууга кызыкдар экендигин билдирди.
Өз кезегинде элчи Кыргызстан менен Монголия элдеринин ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодо маданияттын жана искусствонун маанилүү ролун баса белгиледи. Ал театр искусствосу маданий алмашуу, улуттук салттарды сактоо жана эки өлкөнүн маданий мурастарын жайылтуу үчүн маанилүү платформа болуп саналаарын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштарды андан ары чыңдоого өз ара кызыкчылык тастыкталды.