Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана кыргызстандык ишканалардын продукциясын Россиянын рыногуна чыгаруу маселелерин талкуулады.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, маселе Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиевдин Москвада Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен болгон жолугушуусунда сөз болду.
Тараптар кыргызстандык продукцияны Россияга экспорттоого уруксат берүү үчүн сертификациялоо иштерин кайра жандандыруу жана ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелерин карашты.
Ошондой эле ветеринардык дары-дармектерди жана иммунобиологиялык препараттарды жеткирүү, жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу боюнча илимий жана консультациялык колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.