ЕАЭБ өлкөлөрү арасында улуттук валюталар менен эсептешүү өсүүдө

ЕАЭБ
ЕАЭБ өлкөлөрү арасында улуттук валюталар менен эсептешүү өсүүдө
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валюталар менен эсептешүүлөрүндө туруктуу өсүү тенденциясы байкалууда. 2025-жылы товарларды, кызматтарды экспорттоо жана импорттоо боюнча өз ара эсептешүүлөрдө ЕАЭБ валюталарындагы төлөмдөрдүн үлүшү 93,5 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Беларусь Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасы Роман Головченко аталган өлкөнүн Несвиж шаарында өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын акча-кредит саясаты боюнча консультативдик кеңешинин жыйынында билдиргенин жергиликтүү Белта маалымат агенттиги кабарлады.

"Рыноктук механизмдер өздөрү улуттук валюталарга өтүүнү стимулдаштырат. Ишканалар административдик мажбурлоонун кажети жок ишенимдүү жана алдын ала айтууга боло турган инструменттерди тандап жатышат", - деди Роман Головченко.

Ушул жылдын алгачкы сегиз айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода 67,6 миллиард АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,5 пайызга өскөн. Божомолдорго ылайык, быйыл өз ара сооданын көлөмү болжол менен 106 миллиард АКШ долларына жетет. Бул 10 пайызга өсүш дегенди билдирет.

"Өз ара соодадагы мындай динамика ЕАЭБ экономикаларынын, анын ичинде тышкы кысымга жана интеграциялык байланыштарга болгон суроо-талапка туруштук бере аларын тастыктайт", - деп түшүндүрдү Роман Головченко.

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы экономикалык кырдаалды жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү акча-кредит саясатын ишке ашырууну талкуулашып, уруксатсыз төлөм бүтүмдөрүнө каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашышты. Ошондой эле, ЕАЭБ борбордук банктарында санариптик валюталарды колдонуу тажрыйбасын, аларды ишке ашыруунун келечегин карап чыгышты жана виртуалдык активдерди жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Евразия экономикалык бирлигине Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия мүчөлүк кылат.