Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-28-октябрда видеоконференция форматында өткөн сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында тараптар документтин негизги жоболорун талкуулап, бир катар маселелер боюнча макулдашууга жетишти.
Макулдашууну 2027-жылдын биринчи кварталында кол коюуга даярдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуу пландалууда.
"Документ эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарын кеңейтүүгө, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана салыктык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.