Бишкек, 28.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарында белгилүү коомдук ишмер, агартуучу, илимпоз-педагог Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү.
Маркум акыркы сапарга А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан узатылды.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, замандаштары жана жакындары катышты.
Анда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Роза Айтматованын дүйнөдөн кайтышы кыргыз эли, анын ичинде илим, агартуу тармагы үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи.
Анын айтымында, Роза Айтматова агартуучу, окумуштуу катары далай эмгек өтөп, жаштарды, кийинки муунду тарбиялады.
“Роза Айтматова ириде көрүнүктүү коомдук ишмер катары, кыргыз элине эне катары Каныкейдей, Курманжандай өрнөк көрсөтүүнүн жолун, салтын көрсөтүп кеткендиги менен уулу болду. Бул кишинин кайгысы, кубанычы кыргыз элинин кайгысы, кыргыз элинин кубанычы. Аны Роза Айтматова жазып кеткен китептерден жакшы түшүнөбүз жана билебиз. Роза Айтматова кыргызга кызмат кылуунун, абийирдүүлүктүн, инсандык кайраттын жана кечиримдүүлүктүн үлгүсүн көрсөттү”,- деп белгиледи мамлекеттик катчы.
Койчиев коомдук ишмер, агартуучунун жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын белгиледи. Ошондой эле маркумдун жакындарына жана жалпы кыргыз элине көңүл айтты.
Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмери, илимпоз-педагог, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында 26-октярбда дүйнө салды.