Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда.
Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, айланасын көрктөндүрүү, жарыктандыруу системасын орнотуу жана ички жасалгалоо жумуштары аткарылууда.
Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Атап айтканда, заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, компьютердик класстар, жыйындар залы, эмгек кабинеттер жана эл аралык стандарттарга жооп берген спорт залы каралган.