Баланын ордуна өзүңүз жасабаңыз: Адистин ата-энелерге кеңеши

Коом
Баланын ордуна өзүңүз жасабаңыз: Адистин ата-энелерге кеңеши
copyright icon Кабар

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Балдардын өз алдынчалыгын кичинекей кезинен өнүктүрүү эмне үчүн маанилүү жана ата-энелер менен педагогдор бул көндүмдөрдү калыптандырууга кантип жардам бере алат? Бул тууралуу Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын президенти Элмира Каримова "Кабар" агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, өз алдынчалык жана көз карандысыздык сыяктуу көндүмдөрдү лекция же акыл-насаат айтуу менен калыптандыруу мүмкүн эмес. Бирок чоңдор кээде баланын өзү жасай ала турган иштерин анын ордуна аткарып, бул сапаттардын өнүгүшүнө тоскоол болушат.

"Бүгүн топчусун өзү кадай албаган бала 20 жылдан кийин деле аны үйрөнбөй калышы мүмкүн. Мындай көндүмдөрдү машыгуу аркылуу гана өздөштүрүүгө болот", – деди ал.

Элмира Каримова ата-энелер бала өз алдынча жасай ала турган иштерди анын ордуна аткарбашы керектигин белгиледи.

"Мисалы, эки жаштагы бала өзүнө суу куюп, чөйчөгүн ордуна коюп, атүгүл дасторконун өзү даярдай алат. Ал эми төрт жаштагы бала өз алдынча кийинип, жаш курагына жараша өзүн тейлей алат", – деди ал.

Адис белгилегендей, бала бир ишти ойдогудай аткара албаса да, чоңдор аны дароо оңдоого шашылбашы керек. Мисалы, кичинекей бала төшөгүн түздөп жыйнаса, апасы кайрадан баарын оңдоп койсо, бала өзүнүн жасаган иши туура эмес болгонун түшүнүшү мүмкүн.

"Эгер балдардын жанында болуп, бирок алардын өз алдынчалыгынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылбасак, бул көндүмдөр сөзсүз калыптанат. Болгону жанында болуп, бала үчүн ашыкча иштерди жасап бербөө керек. Бала аткаруучулук функциялары калыптанган абалда төрөлбөйт. Алар акырындап өнүгөт. Бул үчүн машыгуу жана тажрыйба керек. Ата-энелер менен педагогдор кээде шашпай, баланы жөн гана байкап, өз алдынча аракет кылышына мүмкүнчүлүк бериши маанилүү. Жасалма интеллект доорунда суроолорго жооп табуу менен эч кимди таң калтыра албайсың. Эң негизгиси — баланы суроо берүүгө үйрөтүү. Ошондо анын эс тутумун жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрө алабыз", - деди ал.