Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Кыргызстан Токио, Сеул жана Сингапур шаарлары менен түз аба каттамдарын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда Франкфурт, Мюнхен, Прага, Милан, Лондон жана Будапешт шаарларына каттам ачуу маселеси талкууланууда. Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын жарандык авиация жана аэропорт жетекчилери катышууда.
"2027-жылы Asman Airlines авиакомпаниясы чоң сыйымдуулуктагы учактарды алат. Андан кийин компания өзүнүн эл аралык каттамдарын ачууну пландап жатат. Алгач Кыргызстанга Lufthansa, Air France жана British Airways сыяктуу европалык авиакомпаниялардын каттамдарын ачуу күтүлүүдө", - деди ал.