Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Япония туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн карады. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын өкүлдөрү Юдзи Хара жана Тадаши Симура менен жолугушту.
Жолугушууда түз авиакаттам ачуу менен катар туристтик алмашууну көбөйтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын япон рыногунда илгерилетүү жана эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери каралды.
Тараптар 2025-2026-жылдары япон туристтик компанияларынын өкүлдөрү үчүн Кыргызстанда уюштурулган маалыматтык турлардын жыйынтыгын белгилеп, мындай турларды көбөйтүүгө жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Кыргызстан Tourism Expo Japan көргөзмөсүнө беш жылдан бери катышып келет. Жолугушуунун соңунда тараптар туристтик кызматташтыкты улантууга макулдашты.
Япон тарап 2026-жылдын 1-декабрында өтө турган "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа курортунун расмий ачылыш аземине чакырылды.