Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Чехия Республикасынын транспорт министри Иван Беднарик менен “Кыргызстан аэропорттору” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуунун келечегин, жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн авиаташуусун өнүктүрүү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Чехия Республикасынын делегациясы үчүн жаңыланган “Манас” эл аралык аэропортуна экскурсия уюштурулду. Конокторго аэропорттун модернизацияланган инфратузүмү, заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана жаңы киргизилген инновациялык чечимдер көрсөтүлүп, ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана Кыргызстандын авиация тармагын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат берилди.
Кийинки этапта “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын делегациясы Праганын эл аралык аэропортуна мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба байланышын ишке киргизүү боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишүү максатында визит менен барат.