Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Астанада өтүп жаткан киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференцияда жасалма интеллектти колдонуу менен жасалган алдамчылыктын жаңы ыкмалары тууралуу айтты.
ИИМдин маалыматына ылайык, 4-5-ноябрда өтүп жаткан жыйынга 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.
Министр жасалма жол менен даярдалган үндөр, тааныш адамдардын же мекемелердин атынан жөнөтүлгөн жалган билдирүүлөр жана ойдон чыгарылган инвестициялык сунуштар алдамчылыктын кеңири тараган ыкмаларына айланып жатканын белгиледи.
Ал мындай кылмыштарга каршы күрөшүү үчүн калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, укук коргоо органдарынын, банктардын жана байланыш операторлорунун кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын айтты.
Ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен маалымат алмашууну ыкчам жүргүзүү маанилүү экенин белгиледи.