Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын жеткирүү маселесин талкуулады

Коом
864787741_2322967305161129_4358976257429306531_n.jpg
867081136_1455178050042747_94757493677412933_n.jpg
874789258_1125222003770842_1359047567914263551_n.jpg
866454923_1138443718734668_7094868666244550759_n.jpg
863567865_1590703539003522_3445151808472531870_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен Өзбекстандын энергетика министри Шерзод Ходжаев жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, анда эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Тараптар электр энергиясын өз ара жеткирүү жана транзиттөө, Борбордук Азиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.