Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусу менен Япониянын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облус башчысы Тилек Текебаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушуп, жаш кадрлардын тажрыйба алмашуусун уюштуруу, алардын кесиптик дараметин жогорулатуу жана JICA программасынын алкагында кызматташуу боюнча сунуштарын айтты.
Ошондой эле Япониянын каржылык колдоосу менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында Аксы районунун Кербен шаарында Жаштар борбору ачылганы белгиленди. Борбор жаштардын билим алуусуна, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана демилгелерин ишке ашыруусуна шарт түзөт.
Жолугушууда тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.