Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Япониянын өкмөтү Кыргызстанга жол-курулуш техникаларын жеткирүү үчүн 533 млн иен өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык,күн мурун министрлик менен Япониянын Japan International Cooperation System (JICS) уюмунун ортосунда эки тараптуу консультативдик комитеттин жыйыны өттү.
Анын жыйынтыгында жеткириле турган техникалардын тизмесин, сатып алуу тартибин жана негизги жол-жоболорун камтыган протоколго кол коюлду.
Гранттын алкагында Кыргызстанга жол курулушуна керектелүүчү бир катар техникалар алып келинет.
Белгилей кетсек, грант боюнча ноталар алмашуу жана макулдашууларга 2026-жылдын 14-августунда кол коюлган.