Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Япониядагы расмий сапарынын алкагында Кейданрен бизнес федерациясынын өкүлү Такеси Хасимото баштаган ири япон компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында япон ишкерлери Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришип, тоо-кен тармагындагы JKII компаниясы менен меморандумга кол коюу жараяны тездетилди.
Жолугушууда төрага Кыргызстанда Toyota компаниясынын расмий борборун ачууну, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун алкагында логистикалык борборлорду курууну, ошондой эле өлкөбүздө медициналык шаарча түзүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, Mitsui O.S.K. Lines компаниясынын тажрыйбасын эске алып, Япониянын Транскаспий багытындагы жүк ташуу каттамдарына Кыргызстанды кошуу маселеси көтөрүлдү.
Марлен Маматалиев чет элдик инвесторлорго өлкө экономикасы акыркы беш жылда кеминде 9 пайызга, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында дээрлик 12 пайызга өскөнүн белгилеп, ЕАЭБ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү, салыктык жеңилдиктер жана инвесторлорду коргоо шарттары тууралуу кеңири маалымат берди.
Өз кезегинде япон тарап сунушталган долбоорлорго жана Кыргызстандын инвестициялык дараметине чоң кызыгуусун билдирди.