Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркмөнстанда өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 61-пленардык жыйынына катышты.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, жыйында төрага бир катар сунуш-пикирлерди камтыган кеңири баяндама жасап, алакаларды арттыруу жаатындагы демилгелери менен да бөлүштү.
Алгач төрага иш-чараны уюштурган түркмөн тарапка ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоодогу жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү Ассамблеянын ордуна учкай токтолду.
"Өткөн жылдар аралыгында Ассамблея өз ара ишенимге негизделген ачык пикир алмашуунун жана парламенттер аралык кызматташтыктын мартабалуу аянтчасына айланды. Айрыкча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана укуктук системаларды жакындатууга олуттуу салым кошту", – деди Марлен Маматалиев.
Ошондой эле ал Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүү, өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мыйзамдык шарттарды жакшыртуу зарылчылыгын да баса белгиледи.
Муну менен катар жалпы тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун да маанилүүлүгүнө көңүл буруп, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык, "Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий-билим берүү форуму жана "Эскерүү поезди" сыяктуу долбоорлорду мындан ары да колдоо керектигин кошумчалады.
Ошону менен бирге Марлен Маматалиев 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрүн активдүү катышууга чакырды. Аталган саммит Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин жыйынтыктоочу иш-чарасы болорун белгилеп, тоо маселелерин эл аралык деңгээлде биргелешип илгерилетүүнүн зарылчылыгына токтолду.
Ал эми 2028-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы экенин да эске салып, бул маанилүү датага карата КМШ мамлекеттеринин парламенттерин биргелешкен мааракелик иш-чараларды уюштурууга чакырды. Төрага мындай демилге улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын сактоого жана кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт деген ишеничте экенин билдирди.
Ошондой эле 2027-жылы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөнүнө 35 жыл толорун эске салып, маарекелик жылдагы Ассамблеянын кезектеги жыйындарын күзүндө Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Данияр Толонов, Азизбек Абдуллаев, Чолпон Эсенаманова, ошондой эле Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров да катышты.