Кыргызстандыктар үчүн Грузияга баруу шарттарын жеңилдетүү сунушталды

Жогорку Кеңеш
Кыргызстандыктар үчүн Грузияга баруу шарттарын жеңилдетүү сунушталды
copyright icon WWW

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Грузияга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү демилгесин көтөрдү. Бул маселе Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен болгон жолугушууда айтылды.

Парламенттен билдиришкендей, тараптар эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашты.

Маматалиев туризм, инвестиция, логистика, энергетика жана айыл чарба тармактарында кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми Шалва Папуашвили транспорттук коридорлор, логистика жана туризм багытындагы байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.