Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев транзит, логистика, инвестиция, туризм, энергетика, айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы визалык талаптарды жеңилдетүү демилгесин көтөрдү.
Өз кезегинде Шалва Папуашвили транспорттук коридорлор аркылуу логистика жана энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле туризм жана парламенттер аралык диалог боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.