Депутаттар Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш
image1.jpg
image2.jpg
image4.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын жыйынына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, анда кош палаталуу парламенттин ичинен Өкүлдөр палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтар берилип, мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк кылуу жаатындагы өзгөчөлүктөрү жеринде көрсөтүлдү. 

Мындан сырткары, парламенттик талкууларды жүргүзүү жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору тааныштырылды. 

Ошону менен Жогорку Кеңештин делегациясынын Япониядагы расмий сапары жыйынтыкталды. 

Эскерте кетсек, төрага Марлен Маматалиев баштаган делегациянын курамында депутаттар Талант Мамытов, Талайбек Масабиров, Элвира Сурабалдиева, Гүлнара Акимбаева, Ырысбек Атажанов, Жаныбек Аматов, Мирлан Жеенчороев, Венера Салямова, Умбеталы Кыдыралиев, Рустамбек Советбек уулу, Айсаракан Абдибаева, Токтобүбү Ашымбаева, Бурул Аманова, Жайлообай Нышанов, Жамиля Исаева, Айгүл Карабекова, Карим Ханджеза, Улан Бакасов, Максат Алымбеков, Эрулан Кокулов, Улан Сариев жана Бекмырза Чолпонбай уулу болду.