Баткенде күн электр станциялары жана жаңы ишканалар курулушу мүмкүн

Аймак
Баткенде күн электр станциялары жана жаңы ишканалар курулушу мүмкүн
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Баткенде кытайлык компаниялардын катышуусунда кирпич заводдорун жана күн электр станцияларын куруу, турак жайларды жаңылоо боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу облус башчысы Мамыржан Рахимов Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулу Лю Минчэ менен жолугушууда билдирди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жана Айдаркен шаарында кирпич заводдорун куруу, Ак-Татыр айыл аймагында күн электр станцияларын салуу долбоорлору каралууда.

Ошондой эле Лейлек районунда "Мега Газоблок" өндүрүш ишканасы иштеп жатат. Кадамжайда эски турак жайларды жаңылоо долбоорлору жүргүзүлүүдө.

Жолугушууда тараптар аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Мамыржан Рахимов Баткендин жаратылыш ресурстары, географиялык жайгашуусу жана айыл чарба потенциалы чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде башкы консул Лю Минчэ эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө даяр экенин билдирди.