Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Баткен облусунун Совет айылы таза ичүүчү суу менен камсыздалды.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ичүүчү суу системасын куруу иштери аяктап, аталган айылдын 2 миңге жакын тургуну үзгүлтүксүз жана таза ичүүчү суу менен камсыздалды.
Бул өз кезегинде аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга да олуттуу салым кошот.