Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында президент Садыр Жапаров менен жолугушууда тургундар көтөргөн алты маселе каралып, анын төртөө жеринде чечилди.
Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, маселелерди жеринде кароо үчүн облус башчысы Мамыржан Рахимов жетектеген жумушчу топ шаарга барды.
Жарандардын кайрылуулары таза суу менен камсыздоо, мектеп, бала бакча, "Агропласт" заводунун ишмердүүлүгү жана жеке укуктук маселелерге байланыштуу болгон.
Жолугушууда калган эки кайрылууну кошумча иликтеп, мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Андан соң Мамыржан Рахимов жумушчу топ менен бирге көйгөйлөр айтылган жерлерди кыдырып, аларды чечүү боюнча жооптуу жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 11-12-октябрында Баткен облусунун тургундары менен жолугушкан. Анда айтылган маселелерди чечүү боюнча иштер уланууда.