Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Баткен жана Кадамжай райондорунда 10 айылдын тургундары ичүүчү суу менен камсыз болду.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн катышты.
Кадамжай районунун Үч-Коргон, Калача, Тегирмеч жана Чаувай айылдарында курулган суу системалары 20 миң 731 адамды камтыйт. Ал эми Совет айылында жаңыланган система 1 миң 732 тургунга кызмат көрсөтөт.
Ал эми Баткен районунун Самаркандек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык, Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарында таза суу түтүктөрү орнотулду. Долбоор 18 миң 895 адамды таза суу менен камсыздоого багытталган.
Белгилей кетсек, жалпы 60 млн долларлык долбоор 2020-2026-жылдары АРИС тарабынан ишке ашырылып, Баткен жана Талас облустарынын 61 айылындагы 150 миңге жакын тургунду таза суу менен камсыздоону көздөйт.