Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-сентябрь айларында Баткен облусунда орточо айлык эмгек акы 41 790,3 сомду түздү. Бул тууралуу облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3%га өскөнүн билдирет.
Ошол эле учурда облуста инфляциянын деңгээли 109,9%ды түзгөн.