Баткен 5 жылда: чек ара маселеси чечилип, жаңы айылдар түптөлдү

Аймак

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда Баткен облусунда чек ара маселелерин чечүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу багытында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын ичинен төмөнкү беш негизги багытты бөлүп көрсөтүүгө болот:

Кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселелери чечилди

Акыркы жылдардагы эң маанилүү жетишкендиктердин бири – кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселелеринин чечилиши. Чек аралар такталып, тосулуп, аймактагы коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзүлдү. Үч мамлекеттин чек аралары кесилишкен жерде достуктун символу болгон стела орнотулуп, Түбөлүк достук декларациясына кол коюлду.

Зардалыга жол, электр энергиясы жана интернет жетти

Мурда Зардалы айылына жетүү бир топ кыйынчылыктарды жаратса, азыр каттам жеңилдеди. Айылга 890 млн сомго 18 чакырым жол курулду. Мындан тышкары, электр энергиясы жана интернет байланышы жеткирилип, тургундардын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жаңы айылдар түптөлдү

Чек ара маселелерине байланыштуу алмашылган айылдардын тургундары үчүн жаңы турак жайлар курулду. Тактап айтканда, Баткен районундагы Жаңы-Достук айылында 181 үй, Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарында 76 үй салынып, ээлерине тапшырылды. Учурда жаңы конуштарда социалдык объектилердин курулушу уланууда.

10 миң орундуу заманбап стадион

Баткен шаарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган чоң футбол стадионунун курулушу жүрүп жатат. Бул облус үчүн мындай масштабдагы алгачкы спорттук объект болуп саналат. Стадиондун курулушу аймакта спортту өнүктүрүүгө жана ири мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.

Ипотекалык турак жайлар курулууда

Баткен шаарында 12 кабаттуу "Асман Резиденс №1" турак жай комплекси курулууда. Ошондой эле Курманжан датка, Алымбек датка, Садыков жана Нургазиев көчөлөрүндө ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Жалпысынан 4 миң 272 батир куруу пландалган.