Айлык акы инфляцияга жараша индексацияланат: жаңы мыйзам күчүнө кирди

Экономика
Айлык акы инфляцияга жараша индексацияланат: жаңы мыйзам күчүнө кирди
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Эмгек акынын индексациясы кызматкерлердин кирешесинин сатып алуу жөндөмүн сактоого жана баалардын өсүшүнөн улам келип чыккан айырманы жарым-жартылай компенсациялоого багытталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкармалыгынын башчысы Бермет Карабаева “Кабар” агенттигине билдирген.

Анын айтымында, Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр эмгек мыйзамдарында эмгек акынын реалдуу мазмунун сактоо механизмин бекемдейт.

"Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдарды кошпогондо, эмгек акыны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдер, макулдашуулар же уюмдун жергиликтүү ченемдик актылары менен аныкталат", — деди ал.

Карабаева түшүндүргөндөй, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жогорулаган учурда иш берүүчү эмгек акыны ошол өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кайра кароо механизмин караштырышы керек.

"Мисалы, кызматкер айына 30 миң сом алат дейли. Бирок анын күнүмдүк керектөөлөрүнүн баасы жогоруласа, мурдагы суммага мурдагыдай көлөмдөгү товарларды сатып алуу мүмкүн болбой калат. Индексация ушул айырманы жарым-жартылай компенсациялоого багытталган", — деди ал.

Ошол эле учурда жаңы мыйзам баалар өзгөргөн сайын айлык акы автоматтык түрдө көтөрүлөт дегенди билдирбей тургандыгы, мында индексациялоо принциби бекитилип, аны жүргүзүүнүн конкреттүү эрежелери өзүнчө аныкталышы керектиги маалымдалган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров "КР Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга 10-ноябрда кол койгон. Ага ылайык, кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу өлчөмүн жогорулатуу керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу айлык акыны индексациялоо аркылуу камсыздалат. Индексациялоонун тартиби тиешелүү жамааттык келишимдер жана уюмдардын ички ченемдик актылары менен аныкталары жазылган. Мыйзам бүгүнкү күндөн тарта күчүнө кирет.