Улгайгандар үчүн жаңы борбор түзүү демилгеленди

Коом
Улгайгандар үчүн жаңы борбор түзүү демилгеленди
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн министр Алмаз Имангазиев БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Салсиа Алишахбана менен жолугушту.

Жолугушууда улгайган жарандарды социалдык жактан камсыздоо системасын өркүндөтүү, калктын аярлуу катмарына кам көрүү жана бул багыттагы эл аралык тажрыйба талкууланды. Анда министрликтин Кыргызстанда Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле жаштарды жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарын жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик окутуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө жана айтылган багыттар боюнча практикалык иштерди улантууга кызыкдар экенин билдиришти.