Эмгек министри Таластагы соцмекемелердин шарттарын текшерди

Аймак
886731470_1845747253430294_4616592876023056946_n.jpg
886894652_1132221159494534_5554676811481607508_n.jpg
888132091_1691187342369490_555510697225680302_n.jpg
888725195_1906103080557916_7988195094868073568_n.jpg
890607510_1456068159814887_5175545883334354830_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Талас облусундагы Покровка аралаш психоневрологиялык жана Бакай-Ата социалдык стационардык мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, министр мекемелердеги социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттарын, аларга көрсөтүлүп жаткан кам көрүүнүн жана тиричилик кызматтарынын сапатын көрүп чыкты.

Учурда аталган эки мекемеде 200дөн ашык адам социалдык кызмат алат.

Ошондой эле министрликтин аймактык башкармалыктарына барып, алардын ишин уюштуруу жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапаты менен таанышты.