ТМУнун үй-бүлө маселелери боюнча кеңешин түзүү колдоо тапты

Коом
869704015_1146667991267621_3639697923479644362_n.jpg
863381650_1838776753942207_8899882040772781038_n.jpg
866345749_1516976207143688_5233693638238206539_n.jpg
869847617_29450307564576713_3293251479683145566_n.jpg
Алдыга
Артка
869704015_1146667991267621_3639697923479644362_n.jpg
863381650_1838776753942207_8899882040772781038_n.jpg
866345749_1516976207143688_5233693638238206539_n.jpg
869847617_29450307564576713_3293251479683145566_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча кеңешин түзүү демилгесин колдойт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Анкарада өткөн жолугушууда билдирди.

Жолугушуу ТМУнун XIII саммитинин алкагында уюштурулуп, анда үй-бүлө институтун чыңдоо, балдарды коргоо, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Алмаз Имангазиев үй-бүлөнү, энеликти жана аталыкты колдоо, аялдардын лидерлигин өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары экенин белгиледи. Анын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын үлүшү мурдагы чакырылыштагы 22 пайыздан 33 пайызга жеткен.

Ошондой эле министр жаш үй-бүлөлөрдү колдоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун, анын ичинде киберзомбулуктун алдын алуу жана балдардын санариптик коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине токтолду.