Аярлуу үй-бүлөлөрдү колдоо: БУУ менен жаңы демилгелер ишке ашырылат

Коом
Аярлуу үй-бүлөлөрдү колдоо: БУУ менен жаңы демилгелер ишке ашырылат
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен жакырчылыкты кыскартуу жана калктын аярлуу катмарын колдоо боюнча биргелешкен иштерди улантат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул маселе 9-ноябрда министр Алмаз Имангазиев менен БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накайдын жолугушуусунда талкууланды.

Тараптар социалдык коргоо, иш менен камсыз кылуу, кесиптик окутуу жана азык-түлүк коопсуздугу багыттарындагы кызматташтыкты карашты. Министр БУУ ДАПтын "Социалдык контракт" программасын ишке ашырууга, коомдук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аярлуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө кошкон салымын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө макулдашты.