Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, жабыркагандарды коргоо жана алардын укуктарын камсыз кылуу боюнча БУУнун "Spotlight демилгеси 2.0" программасы ишке ашырылат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, программанын бет ачары министр Алмаз Имангазиевдин БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушуусунда тааныштырылды.
Долбоор 2026-2030-жылдары Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында ишке ашырылат. Анын алкагында зомбулуктун алдын алуу, мыйзамдарды жана тиешелүү мекемелердин ишин өркүндөтүү, жабыркагандарга медициналык, психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу каралган.
Программада айыл жергесинде жашаган, майыптыгы бар аялдар менен кыздарга жана зомбулуктан жабыркагандарга өзгөчө көңүл бурулат.