Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде: Кыргыз-орус консультациялары өттү

Коом
WhatsApp Image 2026-11-05 at 05.24.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-05 at 05.24.16 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-05 at 05.24.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-11-05 at 05.24.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-05 at 05.24.16 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-05 at 05.24.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Бишкекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча экинчи кыргыз-орус консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүгүнө даярдык көрүүнүн алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун тиешелүү департаменттеринин жетекчилеринин деңгээлинде уюштурулду.

Анда БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгүнүн аспектилери ар тараптуу талкууланды жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашылды.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар БУУда өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди алга жылдырууга карата мамилелерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.