Бишкекте 2027-жылы БУУнун эл аралык соода форуму өтүшү мүмкүн

Экономика
Бишкекте 2027-жылы БУУнун эл аралык соода форуму өтүшү мүмкүн
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстан 2027-жылдын жай айларында БУУнун Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана электрондук ишкердик операциялар боюнча борборунун (СЕФАКТ) форумун Бишкекте өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын Женевадагы туруктуу өкүлү Муратбек Азымбакиев билдирди.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, ал мындай билдирүүнү 2-ноябрда Женевада өткөн БУУнун СЕФАКТ борборунун 32-пленардык сессиясында жасады.

Форум эл аралык сооданы жеңилдетүү, бажы жана чек ара жол-жоболорун санариптештирүү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү маселелерин талкуулоого аянтча түзөт.

Ошондой эле сессияда Кыргызстандын өкүлү Нурбек Максутов 2026-2029-жылдарга БУУнун СЕФАКТ төрагасынын орун басары болуп кайра шайланды.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Сенегалда өткөн СЕФАКТ форумуна 60 өлкөдөн 500дөн ашык эксперт катышкан.