БУУнун өкүлү Бишкекте аймактык өнүгүү приоритеттерин атады

Экономика
БУУнун өкүлү Бишкекте аймактык өнүгүү приоритеттерин атады
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Аймакта транспорттук жана соода байланыштарын чыңдоо, санариптик өз ара байланышты өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүнү камсыз кылууга басым жасалууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) экономикалык форумунда БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана билдирди.

Анын айтымында, аймактагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү деңизге чыга албайт. Ошондуктан бул багыттар чыгымдарды азайтуу, инвестицияларды тартуу жана экономикалык туруктуулукту чыңдоо үчүн маанилүү.

Транспорт тармагында ал натыйжалуу транспорттук коридорлордун, логистиканын жана чек ара жол-жоболорунун, ошондой эле эрежелерди шайкеш келтирүүнүн жана чек ара аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

“ЭСКАТО СПЕКА өлкөлөрүнө транспорттук коридорлордун туруктуулугун жогорулатууда, чек ара аралык ташууларды жеңилдетүүдө жана туруктуу транспорттук системаларды өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүүнү улантат. Санариптештирүү жаатында кечигүүлөрдү жана операциялык чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берген кагазсыз соодага, бажы системаларынын өз ара шайкештигине жана санариптик транспорттук кызматтарга өзгөчө көңүл бурулууда. ЭСКАТО бул ишке Азия-Тынч океан аймагында чек ара аралык кагазсыз сооданы жеңилдетүү боюнча алкактык макулдашуу жана мультимодалдык ташууларды санариптештирүү боюнча СПЕКАнын жол картасы аркылуу көмөктөшөт”, - деди Армида Салсия Алишахбана.

Ал ошондой эле өз ара байланыштарды өнүктүрүү экономикаларды диверсификациялоого, нарк түзүү чынжырларын чыңдоого, жумуш орундарын түзүүгө жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө өбөлгө болушу керектигин белгиледи.

“Мында санариптик көндүмдөргө инвестиция салуу, чакан жана орто бизнестин рынокторго жана технологияларга жеткиликтүүлүгү, ошондой эле ишкер аялдар менен жаш инноваторлордун санариптик соодага катышуусу, анын ичинде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу маанилүү шарттар болуп саналат”, - деди ал.

Бишкек декларациясынын кабыл алынышы күтүлүп жатканын билдирген Армида Салсия Алишахбана СПЕКАнын трасттык фондун аймактык демилгелерди ишке ашыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоонун куралы катары атап, ЭСКАТО БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы менен биргеликте программага катышкан өлкөлөрдү колдоого даяр экенин ырастады.

Белгилей кетсек, СПЕКАнын экономикалык форуму 4–5-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “СПЕКА аймагында туруктуу өнүгүү үчүн өз ара байланыштарды өнүктүрүү” темасында өтүүдө.