Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Глобалдык жылуулук 1,5 градустан ашат деп болжолдонууда, бирок дүйнө буга даяр эмес. Анткени климатка ыңгайлашууга зарыл болгондон алда канча аз акча бөлүнүүдө. Ал эми чараларды ишке ашыруу институттук тоскоолдуктарга кабылып, жоготуулардын жана зыяндын масштабы өсүп жатат. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын 2026-жылга карата климаттын өзгөрүшүнө адаптациядагы ажырым жөнүндө жаңы баяндамасында айтылат.

“Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр ар бир доллар үчүн болгону 10 цент алышат. Бул айырма жөн гана акча менен өлчөнгөн эмес. Ал жашоо, жашоо каражаттары жана жоголгон келечек менен өлчөнөт”, - деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.
Эсептөөлөр боюнча, 2035-жылга чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жылына болжол менен 305 млрд доллар адаптациялык каржылоо керек болот. Ошол эле учурда, өнүккөн өлкөлөрдөн түшкөн эл аралык каржылоонун өсүшү басаңдап баратат. 2024-жылы бул сумма 28,2–31,7 млрд долларды түзгөн. Бул мурунку жылга караганда 1 млрд долларга гана көп.
“Дүйнө азыркы климаттык шарттарга ыңгайлашууга даяр эмес. Эгерде ысык 1,5 градус босогодон ашып кетсе эмне болорун айтпай эле коелу”, - деди БУУнун Экологиялык программасынын аткаруучу директору Ингер Андерсен.
Анын айтымында , Түркияда жана андан тышкары жерлерде өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясында (COP31) өлкөлөр COP30 жыйынында макулдашылган максатка жетүү үчүн күч-аракеттерди күчөтүүгө көңүл бурушу керек. Башкача айтканда, 2035-жылга чейин адаптациялык каржылоону үч эсе көбөйтүү зарыл.
COP30 максатына жеткен күндө деле, каражат жетишсиз болот. Эл аралык адаптациялык каржылоо 2035-жылга чейин жылына 85–120 миллиард долларга чейин көбөйүшү мүмкүн. Инфляцияны эске алганда, бул муктаждыктардын 20–29 пайызын гана жабат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана чакан аралдардагы мамлекеттер үчүн көрүнүш бир аз дурус. Каржылоонун үч эсе көбөйүшү алардын муктаждыктарынын 49–84 пайызын жабат.
Ошол эле учурда, эң аялуу өлкөлөргө колдоо 2022-жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөн бери азайды. Аз өнүккөн өлкөлөр жана чакан аралдагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн муктаждыктар өзгөчө жогору.
“Тандоо жөнөкөй. Бүгүн адаптацияга инвестиция саласыз же эртең кырсык үчүн төлөйсүз”, - деп баса белгиледи Башкы катчы.
Бул арада адаптация климаттын өзгөрүшүнүн бардык кесепеттерин алдын ала албайт. 2020-жылдан 2025-жылга чейин суу ташкындарынан жана жер көчкүлөрүнөн жабыркаган 765 миллион адамдын 99 пайызын аз жана орто кирешелүү өлкөлөр түзгөн.

Отчеттун авторлору зыянды баалоо мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө, алдын ала айтууга боло турган финансылык жана техникалык колдоону камсыз кылууга, ага жетүүнү жеңилдетүү жана жабыркаган коомчулуктарды жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгууга тартууга чакырышат.