БУУ: Дүйнө калкынын төрттөн бири интернетке жете элек

Дүйнө
БУУ: Дүйнө калкынын төрттөн бири интернетке жете элек
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Эл аралык электр байланыш союзу жарыялаган жаңы маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө дүйнө калкынын 6,3 миллиарды же 76 пайызы интернет колдонот. Билдирүү БУУнун расмий сайтында жарыяланды.

Союздун маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2025-жылы 6,1 миллиард же калктын 74 пайызы болчу. Бирок, дүйнөлүк желеге кирүү мүмкүнчүлүгү тынымсыз кеңейип жатканына карабастан, 2 миллиард адам азыр деле интернеттен сыртта калууда.

"Жасалма интеллект доорунда интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу билим алуудан баштап жумушка орношууга чейин көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн четке кагылышын билдирет. Азыр интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана аны бардык жерде, бардыгы үчүн чындап натыйжалуу кылуу мурдагыдан да маанилүү" , - деп белгиледи Эл аралык электр байланыш союзунун башкы катчысы Дорин Богдан-Мартин.

Уюм интернет байланышындагы туруктуу теңсиздикти баса белгилеген. Мисалы, жогорку кирешелүү өлкөлөрдө калктын 93 пайызы интернетти колдонот. Ал эми төмөнкү кирешелүү өлкөлөрдө бул көрсөткүч болгону 32 пайызды түзөт.

Интернетке толук мүмкүнчүлүк болбосо, технологиянын пайдасы көптөр үчүн жеткиликсиз бойдон калышы мүмкүн жана ал санариптик ажырымды күчөтөт.

Статистикага келсек, жүйнө жүзү боюнча эркектердин 79 пайызы жана аялдардын 74 пайызы интернетти колдонушат. Интернетти эң көп колдонгондордун курагы 15 жаштан 24 жашка чейинкилер экени белгилүү болгон.

Ал эми 10 жана андан жогорку жаштагы калктын 84 пайызынын уюлдук телефону бар. Жогорку кирешелүү өлкөлөрдө бул көрсөткүч 95 пайыздан ашса, кирешеси чакан өлкөлөрдө 57 пайызды түзөт.

Бул арада дүйнө калкынын болжол менен 97 пайызы жок дегенде 3G тармагынын диапазонунда жашайт. Бирок, заманбап технологиялардын камтуусу бирдей эмес бойдон калууда. 5G камтуусу дүйнө калкынын орточо эсеп менен 59 пайызына жеткиликтүү болсо, ал жогорку кирешелүү өлкөлөрдө 86 пайызга, ал эми аз кирешелүү өлкөлөрдө 4 пайызга гана жетет.