Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев 2-ноябрда Талас облусунда жарандарды кабыл алды.
Ведомствонун маалыматына караганда, кабыл алууда жарандар майыптуулукту белгилөө, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын иши, социалдык жөлөк пулдардын өлчөмүн жогорулатуу жана санатордук-курорттук дарыланууга жолдомо алуу маселелерин көтөрүштү.
Министр кайрылууларды угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берди.