"Балага сүйүнчү": Мобилдик тиркеме аркылуу бир күндө миңден ашык арыз түштү

Коом 15 октябрь 2026 12:40
"Балага сүйүнчү": Мобилдик тиркеме аркылуу бир күндө миңден ашык арыз түштү
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. "Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алууга мобилдик сервис ишке кирген биринчи күнү 1 029 арыз түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын 584ү (56,8%) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берилсе, 445и (43,2%) Калкты тейлөө борборлору жана жарандык абалдын актыларын каттоо органдары аркылуу таризделген.

"Жаңы сервис ата-энелерге мекемелерге барбастан, жөлөк пул алууга электрондук форматта арыз берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол эле учурда кызматты тиешелүү мекемелер аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү да сакталган",-деп айтылат маалыматта.