Акыркы беш жылда Кыргызстанда жол коопсуздугу системасын модернизациялоо боюнча бир катар кадамдар жасалды. Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү ыкмалары өзгөрдү, айдоочуларды даярдоо иши мамлекеттин карамагына өттү, ал эми жолдордо санариптик көзөмөл технологияларын колдонуу кеңейди.
Реформалар айдоочуларды окутуунун сапатын жогорулатууга, мамлекеттик кызматтардын ачык-айкындуулугун камсыздоого, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга багытталган. Тиешелүү кызматтардын техникалык жабдылышы жаңыртылууда, мыйзам бузууларды автоматтык түрдө каттоо системалары жана санариптик көзөмөл жабдыктары колдонулууда.
Жол коопсуздугу системасы кандай өзгөрүп жатат, кандай технологиялар киргизилүүдө? Бул туурасында “Кабар” агенттигинин материалында кененирээк айтылат.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик борборуна (“Унаа”) каттоо жол-жоболору жана жарандарга транспорт каражатын башкарууга уруксат берүү ИИМ системасынан бөлүндү. Мында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана кырсыктардын алдын алуу үчүн жоопкерчилиги калтырылган.
Айдоочуларды даярдоо мамлекеттик системага өттү
Реформалар келечектеги айдоочуларды окутуу тартибине да таасирин тийгизди. Президенттин 2026-жылдын 29-январындагы жарлыгын ишке ашыруунун алкагында айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын модернизациялоо, ошондой эле санариптик технологияларды киргизүү жүргүзүлүүдө.
“Кабар” агенттигине Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, бекитилген программаларга ылайык, “В” жана “С” категориясындагы айдоочуларды даярдоо 10 айга созулат. Теориялык бөлүгү 320 саатты, практикалык айдоо 30 саатты түзөт. “А” категориясына окутуу эки айга созулса, башка бир катар категорияларга кайра даярдоо да эки айды түзөт.
Окутууну санариптештирүү жана экзамендерди көзөмөлдөө
Реформанын алкагында күндүзгү жана аралыктан окутуу форматында айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген “Жол кыймылына уруксат берүү институту” мамлекеттик уюму түзүлдү.
“Кызмат” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте “Түндүк” мобилдик тиркемеси менен интеграцияланган "Автомектеп" автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилүүдө. Ал аркылуу билим берүү уюмдарына окуучуларды кабыл алуу процесси санариптештирилди.
Сабактарды эсепке алуунун электрондук журналы жана курсанттардын катышуусун жана жетишкендиктерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген Face ID биометрикалык идентификациялоо системасы киргизилди.
Квалификациялык экзамендерди өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда, алар аудио жана видео жазууну колдонуу менен өткөрүлөт.
Мындан тышкары, экзамен тапшыруу процессине жасалма интеллект технологиялары киргизилүүдө. Алар талапкерлердин аракеттерин байкоону автоматташтырууга, адилетсиз жүрүм-турумдун белгилерин аныктоого жана экзамендин жыйынтыктарын баалоодо адам факторунун таасирин азайтууга багытталган.
2026-жылдын 27-октябрына карата маалымат боюнча, онлайн форматта 33 миң 658 адам катталган. Алардын 10 миң 103 адамы же 30%ы Бишкек борбору аркылуу, ал эми 23 миң 555 адам же 70%ы Ош борбору аркылуу жазылган.
Жарандар үчүн төрт айлык окуу программасы да каралган. Ага 2919 адам катталып, алардын 2589у ички экзаменден өткөн. Квалификациялык экзаменге 1885 адам киргизилип, алардын 1521и ийгиликтүү тапшырган. Бул экзаменге катышкандардын 80,7%ын түзөт.
“Коопсуз шаардан” “Коопсуз өлкө” долбооруна
Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн санариптик технологияларды колдонуу кеңейүүдө.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 2020-2026-жылдары мамлекет кызматтын материалдык-техникалык базасын жаңыртты. Кызматкерлерге миңден ашык жаңы кызматтык автоунаа, заманбап планшеттер, төшкө илине турган камералар жана байланыш каражаттары берилген.
Маанилүү багыттардын бири жол эрежелеринин сакталышын автоматтык түрдө көзөмөлдөөнү кеңейтүүгө мүмкүндүк берген “Коопсуз шаар” долбоорун өнүктүрүү болду. Кийинчерээк бул иш “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында улантылды.
Колдонулуп жаткан технологиялардын катарында интеллектуалдык видеобайкоо системалары, “Автоураган” комплекстери, мобилдик көзөмөл каражаттары жана башка санариптик куралдар бар.
Көзөмөл системалары Бишкек шаарында жана Бишкек – Кордай, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жана Бишкек – Ош унаа жолдорунун айрым тилкелеринде колдонулат.
Санариптик технологиялар жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн гана эмес, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн да колдонулат.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев санариптик технологияларды киргизүү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуунун маанилүү багыттарынын бири болгонун эсептейт. Ошол эле учурда, анын пикири боюнча, байкалаарлык натыйжаларга жетүү үчүн мыйзам бузууларды автоматтык түрдө каттоо системаларын камтууну кеңейтүү зарыл.

Депутаттын айтымында, акыркы жылдары видеокамералар, жол кызматынын кызматкерлери үчүн төшкө илине турган видеокамералар, ошондой эле мыйзам бузууларды каттоо үчүн жабдуулар менен атайын автоунаалар сатылып алган.
“Бул чаралардын аркасында жол кырсыктарынын санын бир аз азайтууга жетишилди. Мындай камералар бардык жерде орнотуу керек. “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында алар ар бир кесилиште, анын ичинде жол чырактын тыюу салган сигналына өтүүнү каттоо үчүн орнотулушу керек”, – деп белгиледи депутат.
Бекешев ошондой эле жарандар да муну менен катар жол инспекторлору өздөрү жол эрежелерин сакташы зарыл экенин айтты.
Айдоочулук күбөлүктөр жана электрондук кызматтар
Өзгөрүүлөрдүн дагы бир багыты – автоунаа ээлери үчүн мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөштүрүү. 2025-жылдын ноябрында министрлер кабинети “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылган улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу реформасынын жыйынтыктарын жарыялаган. “Кызмат”, “Түндүк” жана “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканаларынын катышуусунда онлайн арыз берүү, QR-код жана банктык тиркемелер аркылуу төлөө, ошондой эле даяр документти жеткирип берүү киргизилген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, арыз берүү убактысы бир жарым сааттан 10 мүнөткө чейин, ал эми даяр күбөлүктү алуу төрт күндөн бир-эки күнгө чейин кыскарган. 2025-жылдын декабрында министрлер кабинети 2025-жылдагы улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү да бекиткен. Жаңы бланктар 2019-жылдагы күбөлүктөрдүн запасы түгөнгөндөн кийин берилиши керек.
Жол кырсыктарынын статистикасы кандай?
Улуттук статистика комитетинин жана Башкы прокуратуранын маалыматтары көйгөйдүн масштабын баалоого мүмкүндүк берет.
Кырсыктардын кесепеттери тууралуу айрым маалыматтарды “Кабар” агенттигине Башкы прокуратура берди.
2025-жылы жол-транспорт кырсыктарынан 928 адам каза болуп, дагы 12 миң 278 адам жаракат алган. 2026-жылдын тогуз айында 572 адам каза таап, 4947 адам жабыркаган.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2025-жылы да, 2026-жылдын тогуз айында да кырсыктардын негизги себептери манёврларды туура эмес жасоо, ылдамдыкты ашыруу жана жөө жүргүнчүлөр тарабынан эрежелерди бузуу басымдуулук кылган.
Жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдүн башкы максаты мамлекеттик кызматтарды жана тиешелүү мамлекеттик органдардын техникалык жабдылышын өркүндөтүү менен бирге айдоочулар, жүргүнчүлөр жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү болуп саналат.