Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу борбордук көчөдө дрифт жасап, жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратып, коопсуздукка коркунуч келтирген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуя 19-ноябрда саат 02:40 чамасында болгон. Эреже бузуу облустук ички иштер башкармалыгынын кырдаалдык борборунун операторлору тарабынан онлайн-видеобайкоо системасы аркылуу аныкталган. Маалымат дароо Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө берилген.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуну кармашкан. Ал 2002-жылы туулган жергиликтүү тургун экени аныкталган.
Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренеси (автоээнбаштык) боюнча протокол түзүлгөн. Айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короого токтотулган.