Бир жумада 373 мас айдоочу кармалып, 2,5 миң унаа айып короого киргизилди

Укук тартиби
Бир жумада 373 мас айдоочу кармалып, 2,5 миң унаа айып короого киргизилди
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 27 233 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 673;
  • Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 373;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 189;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 621;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 1 030;
  • Автоээнбаштык — 29;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1 269;
  • Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 20 524.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 519 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.