Жол инспекторлоруна төрт мезгилге ылайыкталган форма иштелип чыкты

Коом 27 августа 2026 15:00
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн жаңы үлгүдөгү төрт мезгилге ылайыкталган кызматтык форма иштелип чыкты.

Башкармалыктан билдиришкендей, жаңы форма жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыз кылган жол тескөөчүлөрдүн кызмат өтөө өзгөчөлүктөрү эске алынып, жаз, жай, күз жана кыш мезгилдерине ылайыкташтырылган.

Форманы иштеп чыгууда кызматкерлердин ыңгайлуулугу, аба ырайынын ар кандай шарттарында кызмат өтөөсү жана жол кыймылынын катышуучулары үчүн жакшы көрүнүүсү негизги талаптардын бири катары эске алынган.

Мындан тышкары, формага жарык чагылдыруучу атайын белгилер жана элементтер киргизилип, жол тескөөчүлөрдүн түнкү убакта жана көрүнүш чектелген шарттарда даана таанылышына ылайыкташтырылган.

Жаңы үлгүдөгү форма кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга, кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.